​Путин кыргыз-тажик алакасындагы курч маселелерди чечүүгө колунан келген аракетин жумшаарын айтты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 24-майда Сочи шаарында Кыргызстан менен Россиянын Президенттери эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.


Владимир Путин кыргызстандык кесиптеши Садыр Жапаров менен кыргыз – тажик чек арасындагы кырдаалды да талкууга алды. Орус президенти чек ара аймагындагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп тургандыгын белгиледи.

«Россия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүнүн узак мөөнөттүү жолун табышыбыз керек », — деди ал.

В. Путин эки өлкө ортосундагы мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын белгилеп:

«Бул жылдар аралыгында мамлекеттер аралык мамилелердеги кырдаал бекемделип жана өнүгүп келе жатат. Кыргызстан менен соода-сатык алакасында Россия ишенимдүү түрдө алдыңкы орунду ээлөөдө. Былтыр пандемия себеп болуп түшүп кетти, бирок быйылкы жылдын биринчи чейрегинде соода алакаларыбыз 6 пайызга өстү», — деди.

Фото С. Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты