​Сот журналист Канат Каниметовдун жүйөсү орундуу деген чечим чыгарды

  • 3 года мурун

«Майда-баратбейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сурак берип жүргөн «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметов Аламүдүн ИИБинин тергөөчүсүн сотко берген.


12 — май күнү Аламүдүн ИИБи аны суракка чакырып, сурактын жүрүшү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол коюуусун талап кылган.

Журналист буга макул болбой, тергөөчүнүн аракети мыйзамсыз экенин айтып, Аламүдүн райондук сотуна кайрылган.

Райондук сот бүгүн, 24 — майда Канат Каниметовдун жүйөсү орундуу экенин, тергөөчүнүн аракети мыйзамга каршы келээрин билдирип, журналисттин арызын канааттандырды.

Журналисттин мыйзамдуу укуктарын «Медиа полиси» институтунун юристтери коргоодо.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты