​Мелис Аспековго УКМК дагы бир кылмыш ишин козгоду

  • 3 года мурун

«Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен 250 миң доллар талап кылды деп айыпталып, абакта жаткан активист Мелис Аспековго «алдамчылык» беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.


Мелис Аспековго каршы Б.Л. аттуу жарандан жана анын кызынан арыз түшкөн. Жакын тууганын абактан бошотууга жардам берүү үчүн М. Аспеков алардан 15 миң доллар жана бир батир алган деп шектелүүдө.

УКМК Мелис Аспеков мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирип, андан жабыркагандар болсо УКМКнын нөөмөттүк кызматына кабарлап коюууну өтүнгөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты