​«Жашы жете элек кызды уурдап, зордуктады» деп шектелген жаранды сот кое берди

  • 3 года мурун

Ушул жылдын 18-май күнү Кызыл-Кыядан Ош шаарына 17 жашар кызды уурдап, кийин зордуктап салган деген шек менен 28 жаштагы Т.Д. аттуу жаран камака алынган.


Бүгүн, 24-майда Ош облустук соту шектүүнү кое берип салган.

«Жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши сотко келген эмес. Т.Д. аттуу жаран «Адам уурдоо» беренси менен айыпталган. Прокуратуранын шектүүнү камакта кармоо боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок. Сот шектүүнүн өздүгү такталып, тергөө органдарынын биринчи эле чакырыгына барып туруу милдетин алгандыгын эске алып ушундай чечим кабыл алды», — деп билдиришкен облустук соттун.

Фото 24.kg маалымат булагынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты