​Казактын «Байтереги», францзудардын «Эйфели» сыяктуу кыргыздын «Бишкек Тауэр» мунарасын куруу сунушталды

  • 3 года мурун

Бишкек башкы архитектура муниципиалдык ишканасы Бишкек шаарынын символу боло турган, жалпы кыргыздын өзгөчөлүгүн даңазалаган «Бишкек Тауэрс» мунарасын курууну демилгелеп, баштапкы чиймесин шаар бийлигинин жана элдин тандоосуна алып чыкты.


Бийиктиги 65 метр болгон бул мунара Бишкек шаарынын түштүк аймактарындагы парктуу зоналардын бирине курулуп, шаардыктар үчүн эс алуучу жайлары менен кошо салуу пландалууда.

Бишкектин башкы архитекторлорунун айтымында, бул мунараны куруу менен Нур-Султандагы «Байтерек», Париждеги «Эйфел», Тегерандагы «Азади» мунаралары сыяктуу кыргыздын өзгчө белгилери камтылган обьект катары Бишкек шаарынын башкы символун жаратуу максаты көздөлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты