​Чыр менен иштен алынган А. Аралбаева Ленин райондук №1 БҮМБ башчысы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Спутник V вакцинасынын 1000ге жакын дозасын керектен чыгарган шалаакылык окуя боюнча териштирүүлөр уланууда.


30-апрель күнү Бишкек шаарындагы № 2 Үй бүлөлүк дарыгерлер борборундагы муздаткыч токко сайылбай калып, 1000дей вакцина ээрип, жарабай калган.

Бул окуядан кийин аталган борбордун башчысы Жыргал Касымалиева жана орун басары кызматтан алынган. Ошондой эле Ленин районунун №1 Бирикккен үй бүлөлүк медициналык борборунун башчысы Нурлан Галбаев да иштен алынып, ордуна Алтынкыз Аралбаева дайындалган.

Бирок Аралбаеванын дайындалышына жамаат каршы чыгып, нааразычылыгын билдиришүүдө.

Эске сала кетсек, Алтынкыз Аралбаева Ысык-Ата районунун бириккен ооруканасын 13 жылдан бери башкарып, былтыр ноябрь айында жумуштан четтетилген.

Аймактык ооруканынын жамааты ага каршы арызданып, былтыр пандемия күчөп турганда врачтарга кам көрбөй, тобокелчиликке түрткөн, айрым кызматкерлерди негизсиз иштен алган деп айыпташкан.

Фото «аkipress.kg» сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты