​Мелис Турганбаев: Мурдагы Кодекстерди күчкө салып ЖКдан өткөрүп, кол коюп жиберишкен

  • 3 года мурун

Кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча коомдук талкуу жүрүүдө. Мурдагы ИИМ башчысы Мелис Турганбева бул боюнча оюн билдирди.


Анын айтымында, мурдагы Кодекстерди иштеп жатышканда, ИИМден да тажрыйбалуу адистерди кошкула деген өтүнүчүнө кулак салбай, аларды таптакыр жакын жолотпой коюшкан.

«Биздин сунуштар эч каралган жок. Күчкө салып ЖКдан өткөрүп, анан кол коюп жиберишти. Анан аталган Кодекстерди атайылап эки жылга жылдырып коюшту, себеби эки жыл ичинде ал Кодекстерди эл эмес, мамлекет деле унутуп койду. Саясатташкан кырдаал менен аны акырын артка түртүп койду. Биздин пикир менен эч ким эсептешкен жок, мына ошол себептүү кылмыштуулук менен мыйзам чегинде күрөшүүдө тоскоолдуктар келип чыкты. Анан 2019-жылга 3-4 ай калганда ага камылгалар башталган. Аны токтотуп коюуга мүмкүн болчу, бирок ошол кездеги укук коргоо органдарынын жетекчилери Президентке батынып айта алышкан жок», — дейт Мелис Турганбаев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты