​Медицина кызматкерлери митингге чыгышты

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдына медицина кызматкерлеринин бир тобу митингге чыгышты.

Алар Бишкек шаарынын Ленин районунун үй-бүлөлүк бириккен арыгерлер борборунун директору Нурлан Галбаевдин кызматтан алынышына каршылыгын билдиришти.

Нааразылык акциясына чыккандар директорду ордуна кайра коюуну, болбосо кызматтан баары бошонуп кетээрин кулак кагыш кылышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева № 2 үй – бүлөлүк дарыгерлер борборунда муздаткыч өчүрүлүп калып, жараксыз абалга келген 994 доза «Спутник V» вакцинасынын баасы 840 миң сом болоорун айтты.

Бул иш боюнча № 2 үй – бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы, орун басары жана эмдөө кабинетинин 3 кызматкерине сөгүш жарыяланган. Чыгымдын ордун толтуруу №2 ҮДБга жүктөлгөн. №2 үй-бүлөлүк дарыгерлепр борбору Ленин райондук бириккен дарыгерлер борборуна караштуу.

Сүрөт: Kaktus. media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты