​Вице-мэр жараксыз абалга келген вакциналардын чыгымын айтты

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева № 2 Үй – бүлөлүк дарыгерлер борборунда муздаткыч өчүрүлүп калып, жараксыз абалга келген 994 «Спутник V» вакцинасынын баасы 840 миң сом болоорун айтты.


«Ар бир вакцина – бул ар бир сакталган өмүр. Коронавирус инфекциясынан корголушу. Вакцина ээрип, жарабай калганы боюнча факты 30-апрелде болгон. Эч кандай жаап-жашыруу болгон жок. Компетенттүү органдар керектүү иликтөө иштерин жүргүзүштү. «Биз коомчулукту ар дайым кабардар кылып турууга даярбыз», — деди вице-мэр.

Бул иш боюнча № 2 Үй – бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы, орун басары жана эмдөө кабинетинин 3 кызматкерине сөгүш жарыяланган.

Чыгымдын ордун толтуруу №2 ҮДБга жүктөлгөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты