Баткендеги аткезчиликке каршы күрөштө элдик кошуундарга мобилдүү топтор жардамдашат

  • 3 года мурун

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев район-шаар башчыларынын, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен облустагы коомдук саясий абал, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстримизмге каршы күрөшүү, диний абал жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чараларды талкуулады.


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдаганына караганда, жыйында негизги маселе болуп, кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуялардан соң, чек аралаш аймактарда аткезчиликке бөгөт коюу максатында,ыктыярдуу жаштардан түзүлгөн топтор менен биргеликте иш алып баруу үчүн мобилдүү топторду түзүү маселеси каралды.

Соңунда, ички иштер кызматкерлери, бажы, салык жана УКМКнын кызматкерлеринен турган төрт мобилдүү топ түзүлүп, Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак айыл аймактарындагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарга жөнөп кетишти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты