​«Sputnik V» вакцинасы Кыргызстанда да өндүрүлүшү мүмкүн

  • 3 года мурун

21-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны онлайн форматта өттү.


Ага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров дагы катышты.

Жыйын учурунда ЕАЭБ аймагындагы өлкөлөрдүн коронавирус илдетине каршы күрөшү боюнча маселе козголуп, Россиянын президенти Владимир Путин «Sputnik V» вакцинасын Кыргызстан менен Арменияда дагы чыгарууну караштырып жатканын айтты.

«Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшү Казакстанда жана Беларуссияда ийгиликтүү ишке ашырылууда. Россия вакцина боюнча технологиясын башкалар менен бөлүшкөн жалгыз өлкө. Мындай өндүрүштөрдү эми Армения менен Кыргызстанда да жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат», — дейт орус президенти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты