Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары өтөт
- 3 года мурун
Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн катышуусунда «Чек-2021» аскердик машыгуулары өтөт.
19-20-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде Кыргызстандын, Россиянын Коргоо министрликтеринин жана ЖККУнун Бириккен штабынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Чек – 2021» аталышындагы биргелешкен аскердик машыгуунун
пландары талкууга алынды.
Машыгууну 2021-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстандын аймагында өткөрүү пландалууда.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү