​Улукбек Марипов аткезчиликтен миллиондогон чыгымга учурап жатканыбызды айтты

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов акыркы окуялардан жана коронавирус илдетинен келип чыккан кошумча чыгымдардан улам, бюджетти толтуруунун кошумча булактарын табуунун зарылдыгын айтты.


Өкмөт жыйынында ал:

«Импорттун салыгын жыйноо көзөмөлүн күчөтө албай жаткандыгыбыздан улам, миллиондогон чыгымга учурап жатабыз. Бүгүнкү күндө кошумча чыгымдар көп болууда. Эгер эсепке алынбаган аткезчилик ташууларды жойбосок, кандай аракет болбосун, жүргүзүлгөн иште тийиштүү жыйынтыкка жетише албайбыз. Аткезчилик жол менен ташылган импортту кыскартуу жана толугу менен жоюу боюнча олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл», — деп белгиледи.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго салмактык өлчөм көзөмөлүн башкарууну жакшыртуу жана аткезчиликти тыюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Фото Өкмөттүн маалымат кызматынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты