​Президенттик администрацияда жаңы дайындоолор болду

  • 3 года мурун

Сазыков Эркин Орозбекович Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын аналитикалык иштер жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Эркин Сазыков буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматында иштеп келген.

Ошондой эле Президенттин дагы бир жарлыгы менен Президенттик Администрациянын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылыгына Адилет Жанузаков дайындалды. Ал буга чейин Өкмөттүк аппараттын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты