​УКМК Россиянын күч органдары менен биргеликте эл аралык ири баңги ташуучуларды кармады

  • 3 года мурун

Россиянын укук коргоо органдары, ФСБ, ИИМ, Федералдык бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын УКМКсы менен биргеликте героин транзитин буу үчүн бир катар ийгиликтүү операциялар жасалганын Россиянын Федералдык бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


Ыкчам иш — чаралардын натыйжасында, Афганистан, Иран, Пакистандан ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Батыш Европага аткезчилик жол менен ар бир партиясы 200 киллограммдык героинди ташып бара жаткан эл аралык кылмыштуу топтун иши токтотулду. 810 кг героин колго түшүрүлүп, бул баңги каналдын уюштуруучу, аткаруучу, ортомчулары камакка алынган.

Жакында эле УКМК Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң көп өлчөмдөгү 440 киллограм баңгизат колго түшүргөнүн, мунун баасы көмүскө базарда 20 миллион долларга чамалап бараарын кабарлаган.

Кыргызстан аркылуу туруктуу баңги жолу өтөөрү көптөн бери эле айтылып келет. Баткен облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кандуу жаңжалдын чыгышына баңги аткезчилеринин да таасири болгонун «Азаттыкка» кабарлаган.

Россиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдан баштап Афганистан, Пакистан, Ирандан Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Россияга, андан ары Европага карай жол алган «Түндүк маршруту» деп аталган баңги жолу кайра жанданган.

«Түндүк маршруту» героин ташылуучу дүйнөдөгү эң ири баңги жолунун бири. Бул маршрут менен «алтын жарым ай» өлкөлөрү деп аталган Афганистан, Иран, Пакистанда өндүрүлгөн героинди Кыргызстан же Өзбекстан аркылуу Россия, Европага карай жөнөтүп турушат.

Россиянын мурдагы Коргоо министри Сергей Иванов трансулуттук баңгикартелдеракыркы жылдары Афганистанды дүйнөдөгү опиаттын 94 пайызын өндүргөн абсолюттук монополистке, эң ири баңги фермага айлантып салганын айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты