​Россия ЖККУдагы өнөктөштөрүнө «АКШ базасын жайгаштырбайт» — деп ишенет

  • 3 года мурун

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Россиянын ЖККУдагы өнөктөштөрү Афганистандан аскерлерин чыгармакчы болгон АКШ базасын өз өлкөлөрүнө жайгаштырууга макулдугун бербейт деп ишенет.


«АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин деле ал жакты көзөмөлдөн чыгаргысы келбейт. Ошондуктан Афганистандагы аскерлеринин жок дегенде жарымын коңшу мамлекеттерге жайгаштырууга аракет кылууда. Андай аракеттер көрүлүп жатканы боюнча да маалыматтарыбыз бар. ЖККУдагы өнөктөштөрүбүз буга макул болбойт деп ишенебиз», — дейт Сергей Нарышкин.

Мындан мурун «The Wall Street Journal» баслымасы өз булактарына таянып, АКШ Афганистандан чыгарылган аскерлерин жайгаштыруу үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстанды байкаштырып жатканын жазган. Өзбекстандын Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча дароо жообун берип, Өзбекстандын Конституциясы жана коргонуу доктринасы боюнча чет элдик аскердик базалардын өз аймагында жайгаштыруусу мүмкүн эместигин билдирген.

Тажикстандын расмий бийлиги бул боюнча ачык пикирин билдире элек.

Акыркы айлары Россия Тажикстан менен аскердик алакасын арттырып, расмий Дүйшөмбүгө аскердик курал жарак жагынан толук колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шайгу апрель айынын акырында, Тажикстанга болгон сапары учурунда Россия менен Тажикстан биргелешкен абадан коргонуу системасын кураарын да айткан.

29-апрелдеги Тажикстандын Кыргызстанга болгон аскердик кол салуусуна Россия эки өлкө ортосундагы катардагы чек ара чатагы катары баа берген.

Ал эми кийинки жума, 24-майда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Россиянын башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен Сочи шаарына барып, эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты