Дагы бир чиновник алдамчылыкка шектелүүдө

  • 3 года мурун

КРнын каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Жылдыз Нурматова кызмат абалынан пайдаланып, алдамчылыкка барганын УКМК кабарлады.


Улуттук коопсуздук кызматынын кабарлаганына караганда, Жылдыз Нурматова 2020-жылдын октябрь айында товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча сынакта Ж.И. аттуу жарандын компаниясына көмөктөшүү үчүн андан 22,700 доллар алган.

Ошондой чиновник акчалай ыраазычылык үчүн арыз жазган адамга бюджеттин эсебинен чет элдик командировкалары каралган мамлекеттик кызматка ишке орношууга болгон жардамын берээрин убадалаган.

«Жылдыз Нурматованын кабинетин жана үйүн тинткен учурда ар кандай мамлекеттик жана коммерциялык мекемелердин мөөрлөрү табылган. Учурда анын башка дагы кылмыштарга катыштыгы боюнча фактылар иликтенүүдө», — дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Фото интернеттен алынды

https://datagifmaker.withgoogle.com/gif/ahxzfmd3ZW…

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты