«Спутник V» вакцинасынын ​миңдей дозасы жарактан чыкты

  • 3 года мурун

Бишкек шаарындагы № 2 Үй – бүлөлүк дарыгерлер борборунда «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы муздаткыч токко сайылбай калып, жарактан чыкты.


Бул тууралуу Бишкек шаардык иммундук профилактика борборунун башчысы Бурул Асылбекова:

«Муздаткыч кандайдыр бир себептерден улам токтон ажыратылып калган. Себебин так билбейбиз. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Иммундукборбор иликтөө жүргүзүшкөн. Муздаткыч бузук эмес болчу, азыр деле вакцинанын экинчи бөлүгү сакталып турат», — деди.

Окуя апрель айында эле болгон. Жарактан чыккан вакциналарды эч кимге сайышкан эмес.

Республикалык иммундук профилактика борборунан «буга адам фактору себеп болду го. Шнурду байкабай үзүп алышкан окшойт. Вакцинанын жетишсиз дозаларын кандайдыр бир жол менен кайтарабыз. Кайсы жол менен билбейбиз, бирок биз бардык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп билдиришкен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты