​Укук коргоочулар Садыр Жапаровду Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» катары таанууга чакырышты

  • 3 года мурун

«Дүйнө. Коопсуздук. Өнүгүү: Баткен облусунун чек арасындагы аскердик чыр-чатактардан алынган сабактар» аталышындагы форумдун катышуучулары Тажикстан тарабынан Кыргызстанга аскердик агрессия жасалганын белгилеп ,коңшулар бир катар эл аралык келишимдерди, көп тараптуу укуктук актыларды бузгандыгын санап беришти.


Форумга катышкан укук коргоочулар, эксперттер болуп өткөн окуялар ондогон адамдардын өлүмүнө алып келген, жүздөгөн адамдарды жарадар кылган куралдуу согуш,аскердик агерссия экенин бир ооздон айтышты.

Алар Президент Садыр Жапаровду Тажикстандын аракеттерин эгемендүү Кыргызстанга каршы жасалган аскердик агрессия экенин таанып, токтоосуз чараларды көрүүгө чакырышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары БУУнун Адам укуктары боюнча комитеттерине кайрылуу жасап, чек арага жакын аймактарда куралдуу кагылышуулардын кайталанышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу өтүнүчүн билдиришти. Ошондой эле алар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды иликтөө үчүн ЕККУнун «Москва механизмин» ишке киргизүүнү суранышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты