​Доллардын арзандашы боюнча Улуттук банктын түшүндүрмөсү

  • 3 года мурун

Акыркы жумада доллардын базардагы баасы дээрлик 1 сомго чейин арзандап кетти.


19-майга карата доллардын базардагы сатылышы 83 сом 80 тыйынды түздү. Мындан бир нече жума мурун 84 сом 85 – 90 тыйындын тегерегинде болчу.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын арзандап жатышынын бир нече себептерин айтып берди.

Анын айтымында, мамлекетибизде күзүндө жана жазында долларга талап өсөт,себеби ишкерлер тыштан товарлар сатып алып, кампасын толтурат. Ошондой эле чет жактагы мигранттарыбыздын акча которуулары дагы мезгилдик мүнөзгө ээ. Жайында чет элдин валютасы менен келген туристтердин саны да көбөйөт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты