​Россия кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилишин башкаларга үлгү кылды

  • 3 года мурун

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен Тажикстандын ич ара чыңалуунун курчуган баскычынан өткөнүнө Москва кубанычта экенин билдирди.


«Московкский комсомолец» басылмасынын жазганына караганда, эки тарап чек ара маселесин чечүүгө бар аракетин жумшап жатканын Россия колдоого алат.

«Постсоветтик аймактагы өлкөлөр үчүн мурда чечилбеген чек ара маселелерин такташууда бул жакшы үлгү боло алат», — деп билдирген Сергей Лавров.

Учурда Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын ТИМ башчысы Руслан Казакбаев дагы катышууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты