​«Кумтөр» өндүргөн алтынды Улуттук банк толук сатып алууга даяр

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканасына сырттан башкаруу киргизилип, 18-майдан тартып кенди Кыргызстан өзү иштете баштады. Компания жыл сайын 16-17 тонна алтын өндүрүп келген. Быйылкы жылга орточо 15 тонна алтын өндүрүү пландалган.


19 –майда Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды толугу менен сатып алууга даяр экенин, Улуттук банктын буга кудурети жетээрин айтты.

Анын айтымында Улуттук банк Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алууга мыйзамдуу укугу бар. Акыркы беш жыл ичинде Кумтөрдөн башка Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын баарын Улуттук банк сатып алган. Болгону алтындын баасы улуттук валютада гана бааланат.

«Улуттук валюта менен ким стандартка туура келген алтын сунуш берсе, сатып алабыз. «Кумтөрдүн» алтынын толук сатып алууга Улуттук банктын мүмкүнчүлүгү бар”, — деди Толкунбек Абдыгулов.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты