​БШК «Эмгек» менен «Ата-Журт — Кыргызстандын» шайлоону өттү деп табууну өтүнгөн арызын колдоду

  • 3 года мурун

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 12 — майдагы чечими менен Бишкек шаарындагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.


Мындай чечимге макул эместигин билдирген айрым партиялар менен талапкерлердин арызын БШКнын жумушчу тобу бүгүн, 18 – майда карады.

«Эмгек», «Ата Журт Кыргызстан» партияларынын жана «Ак Бата» партиясынан бир нече талапкери Боршайкомдон Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган токтомун четке кагууну жана шайлоону өттү деп табууну өтүнүшкөн.

Отурумдун жыйынтыгында БШКнын жумушчу тобу алардын арызын колдогон чечим чыгарды. Бирок, жумушчу топтун чечими сунуш берүү гана мүнөзүнө ээ экендиги көрсөтүлгөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты