​Тажикстандын убактылуу кармоочу жайында жаткан 4 жараныбызды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

  • 3 года мурун

2021-жылдын 18-майында Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана тийиштүү күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган топ Тажикстандын Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган топ менен Лейлек районунун Интернационал айылындагы чек арада аймагында жолугуу өткөрүштү.


Жолугушууда Гафуров районунун убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан Лейлек районунун 4 тургунун бошотуу, куралдуу кагылышуу учурунда тажиктер айдап кеткен 7 фура, 20 жеңил унааларды кайтаруу маселеси талкууланды. Ошондой эле уурдалган мал жандыктарынын саны такталууда. Бул маселелер жакынкы күндөрү чечилээрин Лейлек райондук администрациясынан билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты