​«Кумтөр» боюнча Бизнес-акыйкатчы үн катты

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит «Кумтөр» ишканасына сырттан башкаруу киргизилишине карата пикирин билдирди.


Анын пикиринде, Кыргызстандын рыногундагы компаниялар, иштеп жаткан жана келечектеги потенциалдуу инвесторлор учурдагы кырдаалга, анын ичинде өз бизнесинин келечегине кабатыр болушууда.

“Учурдагы экономикалык кризистен чыгуу жана экономиканы калыбына келтирүү үчүн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары урматталып, корголгон, мыйзамдын үстөмдүгү орногон чөйрөнү түзүп, эртеңкисине толук ишеним беришибиз керек», — дейт Робин Орд-Смит.

Ошондой эле Бизнес-акыйкатчы азыр деле тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жактын тең кызыкчылыктары эске алынып, маселени макулдашуу жолу менен чечүүгө жетишет деген үмүтүн билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты