​Тажиктер талкалаган тез жардам унаасынын ордуна ишкерлер жаңысын сатып беришти

  • 3 года мурун

29 — апрелдеги чек арадагы куралдуу жаңжалда, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам унаасы жарадар болгон жарандарга жардамга бара жаткан учурда, Тажикстандын аскерлери тарабынан аткыланып, жараксыз абалга келген.


Бүгүн “Альянс Акча алмаштыруу Ассоциациясы” Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жаңы тез жардам унаасын тапшырышты.

Баасы 1 млн сом болгон унаанын ичинде, бейтапка биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар.

Тез жардам унаасын Лейлек районунун Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлер борборуна берүү чечими кабыл алынды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты