​Баткен облусунун атайын эсебине 82 млн. 604 миң сом топтолду

  • 3 года мурун

29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагыыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине, 18-апрелге карата 82 млн. 604 миң 500 сом каражат топтолду.


Чогулган каражат куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жабыркаган элдин зарыл болгон муктаждыктарын чечүүгө жумшалат.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине Кыргызстандын бардык облустары, район, шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер каражат которушууда. Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме, ишканалар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да четте карап турган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты