​Жапаров менен Путин Сочиде жолугат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 18-майда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусия Президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды.

Аталган иш-чарада Владимир Путин:

“Биздин өлкөлөрдү жалпы тарыхыбыз бириктирип турат. Биздин өз ара ишенимибиз жана бири-бирибизге болгон сый-урматыбыз бар. Россия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү кызматташууда. Биз биргеликте евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча олуттуу маектешебиз»,-деген.

Президент Садыр Жапаров бүгүндөн баштап, алдыда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен убактылуу аралыктан иштөө режимине өткөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты