​Мамбетов Алмаз Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.


Алмаз Мамбетовдун орун басарлары болуп, Мамбеталиев Мирбек жана Шерматов Эмил дайындалды.

Эске сала кетсек, Алмаз Мамбетов Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен 2020-жылдын 27-октябрында Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Ага чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри кызматтарын аркалап келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты