​«Центерра» «Кыргызалтынга» өз акцияларын колдонууга тыюу салды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканасына байланышкан акыркы окуялардан кийин «Центерра» «Кыргызалтын» жабык акционердик коомуна жана ага байланышкан мекемелерге 26 пайыздык акциясын пайдаланууга, күрөөгө коюуга тыюу салды.


Ошондой эле «Центерра» «Кыргызалтын» өзүнө тийиштүү акциялардан түшчү төлөмдөр, дивиденттер толук көлөмдө канадалык компанияга төгүлөөрүн билдирген.

Мындай чектөөлөр жана бөгөт чаралары 2009-жылдагы «Центерра» менен «Кыргызалтындын» ортосунда түзүлгөн акционердик келишимде так көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, «Кумтөр» ишканасына сырттан башкаруу киргизген Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Центерра» менен Эл аралык арбитражда соттошуу үчүн жалданган чет өлкөлүк юридикалык компанияларга 1,5 миллион доллар төлөп берерээрибизди жана ал акчалар «Кыргыз алтындан» жана «Кумтөрдөн» алынган дивиденттердин эсебинен каралганын айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты