​«Центерра» Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын жана кендеги кызматкерлердин коопсуздугу үчүн жооптуу эмес экенин айтты

  • 3 года мурун

17 – май күнү «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия парламентте отчетун берген соң, Жогорку Кеңеш «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизген.


Бул окуя боюнча «Центерра» расмий билдирүү таратып, учурдагы кендин ишмердүүлүгү алардын көзөмөлүндө эмес экенин жарыялаган.

«Кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн кенге, “Кумтөр Голд” ишканасына жана айрым кызматкерлердин үйлөрүнө жөнөтүү менен 15-16-май күндөрү «Кумтөр» алтын кенине өз көзөмөлүн орнотту. “Центерра” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калды жана кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан”, — деп жазылган «Центерра» тараткан маалыматта.

«Кумтөрдү» текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров кендеги мөңгүлөрдүн жылып туруусун көзөмөлдөгөн система 14-май, жума күнү өчкөнүн, бул аракеттер жумушчулардын өмүрүнө коркунуч келтирээрин айткан.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты