​Ворух менен Ак-Сайга милиция посттору коюлат

  • 3 года мурун

Кечээ, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги чыр орун алды. Кыргызстандын аймагында жүргөн тажик жарандарын жергиликтүү тургундар кармап, чоо-жайын аныктоо үчүн милицияга өткөрүп беришкен.


Тажик тараптан чогулган 30-40тай жаран Ак-Сай-Тамдык авто жолунда бара жаткан кыргызстандык 3 жаранды барымтага алышкан. Түштөн кийин эки тарап жарандарын алмашканда, барымтадагы Ак-Сай айылынын 3 тургуну катуу сабалганы аныкталган.

Баткен облустук ооруканасында жаткырылган үчөөнүн абалы туруктуу бирок, оор деп мүнөздөлүүдө.

Кечке маал, чыңалган абалды жөнгө салуу үчүн Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен кыргыз-тажик чек арасында жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүү түнкү 12ге чейин уланып, жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды.

Ошондой эле чек аралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү.

Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жума сайын жолугуунумакулдашып, Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын ортосуна эки өлкөнүн милиция посттору орнотулмай болду.

Мындан сырткары чек аранын кооптуу участкалардында экимамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен көзөмөл патрулу түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты