​Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдү» азыр 99,9 пайыз кыргыз балдары иштетип жатат

  • 3 года мурун

«Центерранын» директорлор кеңешинде мүчө болуп келген Тенгиз Бөлтүрүк депутаттардын «Кумтөрдү» Кыргызстан өз алдынча иштете алабы деген суроосуна:


«Мен 1997-1998-жылдары «Кумтөрдө» иштегем. Былтыр, 23 жылдан кийин «Кумтөргө» кайра барып, көрдүм. Ал жакты азыр 99,9 пайыз кыргыз балдары эле иштетип жатат. Жетекчиликтеги 3 топ менеджери качып кеткен. Иш токтобой эле жүрүп жатат», — деди.

Ал эми «Центерра» менен маселени тынчтык жолу менен чечүү жагы кандай каралган деген суроого:

«Центерра» менен албетте сүйлөшүүлөр жүрөт. Маселе тынчтык жолу менен чечиле турган болуп калса, жок эле дегенде, 50 пайыздан жогорку үлүштү сурайбыз. Ошондой эле «Центерранын» эсебиндеги 1,6 млрд доллар бизде калышы керек. Мындан тышкары, кыргыз тарап салыктар боюнча койгон доонун жок дегенде жарымын төлөп бериши керек», — деп жооп берди.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты