Лейлекте өрттөлгөн үйлөрдүн арасында аткезчилик жана баңги бизнеси менен алектенгендердики да бар
- 3 года мурун
Кыргыз-тажик чек ара чатагында Лейлек районунун Арка-1, Арка-2 айылдарында өрттөлгөн турак жайлардын көбү аткезчилик менен алектенген адамдардыкы болгон.
Мындай пикирин «Альфа» атайын күчтөрүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясынын президенти, УКМКнын атайын күчтөрүнүн экс-командири Юрий Погиба билдирди.
«Жаңжал учурунда негизинен аткезчилердин, ошондой эле кандайдыр бир баңги бизнесине катыштыгы бар адамдардын турак -жайлары өрттөлгөн», — деди ал.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү