​Кыргыз-тажик чатагы: Бүгүн Ак-Сай айылынын 3 жараны сабалды

  • 3 года мурун

Бүгүн, эртең менен Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тугундары кыргыз жеринде жүргөн 3 тажик жаранын кармап, милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле учурда тажик тарап Ак –Сай айылынын 3 тургунун кармап, Тажикстандын Ворух анклавынын аймагына алып кетишкен.

Кыргыз тарап кармаган тажикстандыктардын бирөө тажик УКМК кызматкери, экинчиси милиция жана үчүнчүсү жөнөкөй жаран болгон.

Эки тараптын күч түзүмдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин барымтадагылар алмаштырылган.

Кыргыз жарандары сабалганы аныкталып, ооруканага жаткырылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты