​«Кумтөрдү» кытай, орус, казагы жок эле өзүбүз иштетебиз

  • 3 года мурун

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөрдү» Кыргызстан өзү иштетип кете алаарын айтты.


«Парламент бүгүн саясий чечим кабыл алып колдоп берсе, биз каржылык жактан даярбыз. Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Кытай, орус, казагы жок эле өзүбүз иштетебиз. Үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз.

Каржы министрлиги 25 млн долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары «Кыргызалтын» ишканасына 25 млн доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз.

Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар «Кумтөрдөн» да чоң ишканаларды иштетип жүргөн», — дейт Акылбек Жапаров.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты