«Эмгек», «Ата — Журт – Кыргызстан» кайра шайлоого макул эмес
- 3 года мурун
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу 12-майдагы чечимине макул эместигин билдирип, айрым партиялар БШКга арыз жазышты.
14 – май күнү «Эмгек», «Ата-Журт — Кыргызстан» партиялары жана «Ак Батанын» айрым талапкерлери Бишкек АШКсынын чечимине каршы Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан.
«Алардын арызын кароо боюнча Боршайкомдун жыйыны бүгүнкүгө пландалууда. Так убактысы азырынча белгисиз», — дейт БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү