​Момбеков: Кумтөр боюнча Акылбек Жапаров учурунда эмне айтып чыккан эмес?

  • 3 года мурун

Кумтөр кени боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков Кумтөр боюнча комиссиянын корутундусун жалпысынан колдоду, бирок өзгөчө пикирде болуп, корутундуга каршы чыкканын айтты


Анын айтымында, экологиялык экспертиза аныктап, ачыктап чыкты.

Кумтөр боюнча эки эле келишим, 2003 жана 2009-жылдарда болгонун билдирди. Момбековдун айтымында, комиссия корутундусу мурдагы мамлекет башчыларга чыккынчы деп аныктама берген. Бирок андай аныктаманы сот гана бериш керек.

Эң негизги келишим —2009-жылы өкмөттө жана Жогорку Кеңеште болгон. Конституциялык соту менен бекитилип берген.

«Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак «кысалы». Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да».

Момбековдун жеке пикиринде, Кумтөрдөн өндүрүп ала турган акча бул соттошуу эмес, бул — достошуу. Кумтөрдү улутташтыруу керек.

Бардыгы чыккынчы болуп, Акылбек Жапаров гана ак болуп чыгабы деди ал. Ошол учурда эмнеге айтып чыкпаганын билдирди.

Бул долбоор Садыр Жапаровду аңга түртө турган долбоор экенин билдирди.

16-майда “Центерра” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр боюнча комиссиянын баяндамасы каралып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты