​А.Жапаров «Кумтөрдү» толук Кыргызстанга алуу мүмкүнчүлүгүн кимдер колдон чыгарганын айтты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеште «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету талкууланууда. Акылбек Жапаров «Кумтөр» кенин өзүбүзгө алууга бир нече ирет мүмкүнчүлүк болгонун, бирок мамлекет жетекчилеринин коррупциялык иш-аракеттеринен улам ал ой ишке ашпай келгенин айтты.


«2003 — жылы кендин Кыргызстанга өтөөрүнө 3 — 4 жыл калганда кайрадан жаңы келишим түзүлгөн. Акаевдин түздөн түз буйругу менен «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшү 33 пайыз, канадалыктардыкы 67 пайыз болуп, де-факто жана де-юре кенди башкаруу толугу менен «Камекого» өтүп кеткен», — дейт Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Жапаровдун айтымында , «Кумтөрдү» толугу менен Кыргызстанга алууга бир нече жолу шарт түзүлгөн. «Кумтөр» боюнча генералдыккелишим 2007-жылы бүтмөк. Аны Акаев 2003 –жылдагы келишими менен жоюп салган. Экинчи мүмкүнчүлүк 2009-жылы Бакиевдин тушунда болгон. Үчүнчүсүн 2012-жылы Атамбаев колдон чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты