3 шаарда кайра шайлоо өткөрүүгө 100-200 млн сом сарпталат
- 4 года мурун
Жыйынтыктары жокко чыгарылган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын жергиликтүү кеңештерине кайра шайлоо өткөрүү үчүн 200 миллион сомго чейин каражат керектелет.
«Кайра шайлоо өткөрүүгө 100-200 млн сомдой сарпталат. Негизги сумма участкалык комиссия мүчөлөрүнүн айлык акысына жумшалат», — дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров.
Бишкек, Ош шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары 12 — май күнү, Токмок шаарыныкы 3 — май күнү жокко чыгарылган.
Президент 12 — июнга чейин кайра шайлоо өтчү күндү белгилеши керек.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү