​Иса Өмүркуловдун уулу дагы бирөөнү сүзүп кетти

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов унаасы менен дагы бирөөнү сүзүп кетти.


Ал 15 — май күнү Бишкек шаарынын Токтоналив жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен велосипедчен адамды коюп кеткен.

Бактыга жараша, жабырлануучу аман калып, ооруканага жеткирилген. 38 жаштагы Азамат Өмүркуловдун «Порше Панамера» унаасы айып короого токтотулган.

Мындан 10 жыл мурун, 2011- жылы ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун бул баласы «Land Cruiser» жол тандабасы менен 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын себепчиси болгон.

Ал Токмок шаары жактан ылдамдыкты чегинен ашыра айдап, каршы тилкеге чыгып кеткен. Иш сотко өткөн, бирок тергөө учурунда курман болгондордун жакындарынын тосмо арызы себеп болуп, Азамат Өмүркулов эч кандай жазага тартылган эмес.

«Kaktus.media» агенттигинин өздүк булактарынын маалыматына караганда, Азамат Өмүркуловдун канынан баңги заттын белгилери табылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты