​COVID-19: 404 учуру катталды. 8 киши каза болду

  • 3 года мурун

15-майга карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 404 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 294;
Ош — 4;
Чүй облусу – 65;
Ош облусу — 2;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 9;
Ысык-Көл облусу – 20;
Жалал-Абад облу.су – 9;
Баткен облусу — 0

Стационарда – 1717 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
15 адам (0,8%) — канааттандыраарлык абалда;
1163 (67,7%) — орто оордукта;
449 (26,1%) — оор абалда;
90 (5,2%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 2524 бейтап.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 349 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 93 302 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 249 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 8 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1695 кишиге жетти .(Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты