Энеси менен кызын өлтүрүүгө шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды
- 3 года мурун
12 — май күнү Бишкектин С. Ибраимов жана
Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинен 63 жана 31
жаштагы энеси менен кызы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
13 — май күнү кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун мурда соттологон 16
жаштагы тургуну кармалды. Жанынан кылмышка далил болуучу каражаттар табылып,
кылмыш ишине тиркелген.
Маркумдар 14-май күнү Балыкчы шаарында жерге
берилди.
Муну бөлүшүү