​Эмомали Рахмон 2 жумадан кийин тажик тараптын колунан кайтыш болгон кыргызстандыктарга көңүл айтты

  • 3 года мурун

Тажикстандын Президенти Эмомамли Рахмон чек арадагы кандуу кагылышуудан эки жумадан кийин курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.


Орозо майрамына байланыштуу куттуктоосунда Эмомали Рахмон: “Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деген. Ошондой эле тажик өлкө башчысы жаракат алгандарга тезинен сакайып кетишин каалаган.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан Кыргызстандын 36 жараны кайтыш болуп, 189 адам ар кандай жаракат алышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты