​Өмүрбек Текебаев Эмомали Рахмондон өч алуунун жолун айтты

  • 3 года мурун

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Эмомали Рахмонду баскынчы атап, кыргызстандыктарды Тажикстанда демократия орнотууга жардам берүүгө чакырды.


«Жаман эл болбойт, жаман адам болот. Тажик эли менен биз кылымдар бою жанаша жашап, мамиле куруп келдик. Бизге карата баскынчылыкты тажик эли эмес, бийликтеги адамдары жасады. Ал эми Тажикстанда авторитардык үй — бүлөлүк бийлик — Рахмановдордун кланы башкарат. Кыргызстандагы сөз эркиндиги, демократия, адам укуктары бул биздин байлыгыбыз эле эмес, башкы куралыбыз дагы. Эркиндикке сугарылган бул байлыгыбыз авторитардык бийликтер үчүн ковидден да коркунучтуу вирус. Кыргызстандагы эркин коом, Тажикстан калкынын бир бөлүгүнүн симпатиясына ээ болушу керек. Алар Кыргызстандагыдай жашашыбыз керек деп, өз өлкөсүн өзгөрткөнгө аракет кылышы керек. Демократиялык вирусту биз жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн пайдаланышыбыз керек», — деди Өмүрбек Текебаев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты