​Акыркы 7 жылда Кумтөр менен түзүлгөн келишимдерден бюджетибиз 438 миллион доллар чыгымга учураган

  • 3 года мурун

«Кумтөрдүн» иши боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» ишканасы менен түзүлгөн туура эмес келишимдерден улам Кыргызстан 2013-жылдан 2020-жылга чейин 438 млн доллар чыгашага учураганын айтты.


Акылбек Жапаровдун айтымында, кыргыз өкмөтү «Центерра» менен ар кандай соодалашууларды жүргүзүп келген. Айып пул салынып, салыктар алынгандыгына карабастан, жаңы түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес.

«2013-2020-жылдар аралыгындагы келишимдерден улам Кыргызстан бюджетиндеги жоготуулар 438 миллион долларды түздү. Бул сумма сүйлөшүүлөргө катышкан жана документтерге кол койгон адамдардын эсебинен толукталышы керек», — дейт Акылбек Жапаров.

2019-жылдагы эле келишимден өлкө 60,2 миллион доллар чыгымга учураган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты