​БШК Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды

  • 3 года мурун

Мындай чечимди бүгүн 11-майда Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Буга чейин Ош шаарындагы 78 участоктун 27исинде жыйынтыктар жараксыз деп табылган. Ошондой эле БШКнын жумушчу тобу «11-апрелде шайлоо күнү жана үгүт өнөктүгү учурунда айрым партиялардын талапкерлери тарабынан массалык мыйзам бузуулар орун алып, шаардыктардын оюн эркин билдирүүгө таасир эткен» — деген тыянакка келишкен.

Ошондой эле Боршайком Президент Садыр Жапаровго кайрылып, Ош шаарында кайрадан шайлоо дайындоону, добуш сатып алуу, шайлоо күнү үгүт жүргүзүү жана административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан партиялардын шайлоого катышуусуна жол бербөөнү өтүндү.

Эске сала кетсек, 11- апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Ош шаардык кеңешине 4 партия өтүп, эң көп мандатка УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдики делинген “Ата Журт Кыргызстан” партиясы ээ болгон.

«Ата Журт Кыргызстан» — 27 мандат;

«Улуттар Биримдиги» — 11 орун;

«Ыйман Нуру» — 4 мандат;

«Ынтымак» — 3 мандат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты