​«Мөл-Булак» чек ара жаңжалынан жабыр тарткан 130 жарандын насыясын кечти

  • 3 года мурун

Бүгүн 11-майда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын жетекчилери менен жолукту.



Ыйгарым укуктуу өкүл банк жетекчилери менен бирге, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда каза болгон, ден соолугунан жабыркаган жана турак жайсыз калган жарандардын банкттардагы насыялары боюнча маселелерди талкуулашты.

Облус башчысынын сунушун дээрлик бардык банкттар колдой тургандыктарын, банк тарабынан насыяларды кечүү эле эмес, керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

«Мөл-Булак» кичи насыя компаниясы 130 жарандын насыясын кечкенин билдирди. Анын 126сы чек арадагы окуяда ар кандай жараат алгандар болсо, 4өө каза болгон. Ошондой эле каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө 25миң сомдон, жараат алган 154 жаранга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтышты.

Ал эми ФИНКА компаниясы чек ара айылдарынын бирине ФАП куруп бермей болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты