​Бишкекке 1 жыл ичинде 350 эко-автобус келет

  • 3 года мурун

Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы менен өзбекстандык «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы 1 ай мурун кызматташуу тууралуу мемарундумга кол койгон.


Эки тараптуу кызматташуунун алкагында «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы бир жыл ичинде япониялык ISUZU маркасындагы өзбек өндүрүшүнөн чыккан газ менен жүрүүчү 350 автобусту Бишкек мэриясына өткөрүп берет.

Алгачкы партиясы ушул жылдын 1 – июлуна чейин келип, биринчи каттамы кое берилет.

Ошондой эле компания 2022-2023-жылдар аралыгында газ менен жүрүүчү автобустардын санын 1000ге жеткирүүнү пландаштырууда.

Шаардык мэрия автобустардын баасын, аны сатып алуу шарттарын келишим даяр болгондо билдирээрин кошумчалады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты