Татарстандын борборунда атышуу болду. 1 мугалим, 7 окуучунун өмүрү кыйылды
- 4 года мурун
Бүгүн, 11 — майда Казан шаарындагы №175 мектепте 2 өспүрүм куралдуу кол салуу уюштурду.
Алдын ала маалыматтар боюнча кол салуудан 8 адам көз жумду. Көбү мектеп окуучулары. Эки окуучу 3-кабаттан секиришкен.
Күч түзүмдөрү барымтачылардын бирин атып өлтүрүп, бүрөөсүн колго түшүргөн. Ал ошол мектепти 4 жыл мурун бүтүп кеткен 19 жаштагы Илназ аттуу адам болгон.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү